/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Бағвәнчилик / Багбанчылык

Уйгур эли кылымдардан бери отурукташкан жашоо салтын карманып келген эл. Шаарларда жашоо менен катар эле, алар багбанчылык жана дыйканчылык менен да жигердүү алектенишкен. Буга далил катары, мисалы, чөл шартында сугаруунун өзгөчө жолу болгон Турфан кариздеринин системасын айтууга болот. Бул суу өткөрүүчү жер алдындагы каналдар уйгурлардын акылмандыгын жана эмгекчилдигин даңазалайт.

Илий өрөөнүндө жашаган дыйкандарды «таранчи» деп аташкан. Бул аталыш алардын негизги кесиби болгон жер иштетүү жана эгин айдоо менен түздөн-түз байланышкан. Эл ичинде ушул күнгө чейин сакталган макал да бар: «Беғи йоқниң жени йоқ» – «Багы жоктун жаны жок». Бул сөз бак-дарактын жашоодогу маанисин, адамдын руханий дүйнөсү менен жаратылышка болгон байланышын айгинелейт.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Орто

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу дыйкандар жана багбандар

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010.
  • Абдуллаева, Н. Уйгурлардын маданияты тамак-аш сөздүгү, ысымдар жана байыркы хореографиянын күзгүсүндө. – Саарбрюккен, 2023.