«Ақ терәк, көк терәк» – «Ак терек, кок терек» – бул салттуу топтук оюн, анда дене тарбиясы, ой жүгүртүү жана сөз байлыгы айкалышат.
Оюндун максаты – бир топтун оюнчусун экинчи топко өткөрүү. Балдар жана кыздар эки топко бөлүнүп, ар бири жетекчи тандайт. Биринчи топтун жетекчиси мындай деп кыйкырат: «Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек?» Экинчи топтун жетекчиси жооп берет: «Өзү акылдуу уста, колу эпчил ар иште, окушта да жакшы – бизге Айгүл керек». Анан чакырылган бала же кыз чуркап келип, каршы топтун кармашып турган колдорун үзүп өтүүгө аракет кылат. Эгерде бирөө колун коё берсе – аны өз командасына кошуп кетет. Эгер үзүп өтө албаса, өзү ошол топко кошулат.
Эки жетекчинин ыр формасындагы суроо-жооптору оюнга поэтикалык түс берип, аны жөн гана спорттук оюн эмес, маданий көрүнүшкө айлантат. Бул оюн балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында кеңири жайылып, көбүнчө короолордо, мектептин аянттарында же көк чөп баскан ээн талааларда ойнолгон.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Сейрек кездешет