Аялдардын кийими адатта шым, ич көйнөк жана үстүнкү чапандан турган. Чапан аялдын жаш курагы менен даражасына жараша түсү, этегинин узун-кыскасы, жеңинин кенендиги жана узундугу, ошондой эле саймасы менен айырмаланган. Карылардын кийими, адатта, жөнөкөй болуп, сайма менен кооздолгон эмес.
«Кўзы, санзы, вазы, баннозы» – бул шым, көйнөк, кемсел дегенди билдирген. Кемсел кээде кыска, кээде узун, чапан сымал болгон. Ошондой эле «хуа хэ» – сайма түшүрүлгөн кездеме бут кийимдер колдонулган.
Жаңы келин болгон кыз кызыл түстөгү кийим кийип, никеден кийин кийимин көк түскө алмаштырган. Бул турмушка чыккан аялдын белгиси катары эсептелген. Майрамдык кийимдердин жакасына, жеңине жана шымдын учуна сайма сайылган.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет