/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Ашлянфу

«Ашлянфу» – уйгур элинин салттуу муздак тамагы, даамы кычкыл-таттуу, өзгөчө жегиликтүү жана сергитүүчү касиети менен айырмаланат. Негизги эки бөлүктөн турат: суюк аш (чык) жана крахмалдан жасалган кесме (ләңфун).

Алгач крахмал кайнатылып, муздатылгандан кийин узун-узун тилкелерге кесилет. Андан тышкары, кадимки лагмандын камырындай камыр жуурулуп, өзүнчө кесме жасалат. Ашлянфунун өзгөчө даамын берип турган нерсе – атайын даярдалган чык: ага ар түрдүү татымалдар, сарымсак, соя соусу, ачуу калемпир жана өзгөчө даярдалган уксус кошулат. Бул уксус ашлянфуга мүнөздүү кычкылтым даам тартуулайт.Кыргызстандын Ысык-Көл аймагында кездешет

Бул тамак өзгөчө жай мезгилинде кеңири колдонулат. Муздатылган абалда берилгендиктен, ашлянфу бир эле учурда тамактын да, суусундуктун да ордун аткарып, адамды сергитет. Ушундай касиетинен улам ал Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияда кеңири таанылган уйгур даамдарынын бири.

Аймак

В Иссык-Кульской области Кыргызстана

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке ашпозчулар жана салтуу уйгур ашкана сүйүүчүлөрү
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • С.Н. Абдуллаев, Карагулова А.И. Караколдун бренддик тамактарындагы маданияттар аралык баарлашуунун чагылдырылышы // Жаштар илими – Коми Республикасынын туруктуу өнүгүүсү. – Сыктывкар, 2022. – Б. 97–103.