/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Ат чабыш

Ат чабыш – кыргыздардын эң кеңири тараган спорттук оюн-зоокторунун бири. Кыргыздардын турмушунда ат чабыштын орду өзгөчө. Байыртан бери чоң майрамдарда, аш-тойлордо жеңүүчүгө чоң байгелер коюлуп келген. Мисалы: үйүр жылкы, жүздөгөн бодо мал, төө, кой-эчкилер, алтын-күмүш. Бүгүн да аламан байгелерде олуттуу байгелер – автоунаа, батир, акчалай сыйлыктар коюлат.

Бул жарыш түз аянтта, талаада же стадиондун, ипподромдун айлампасында өтөт. Кээде узак аралыкка да уюштурулат. Мисалы, 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата ат чабыш Ашхабад шаарынан башталып, Таластагы «Манас Ордо» борборунун ипподромуна чейин уланган. Байтик баатырдын 200 жылдыгында болсо ат чабыш тоолуу аймакта – Байтик айылынан Чуңкурчак капчыгайына чейин өткөрүлүп, оор трассада өткөн.

Ат чабышта тай чабыш, кунан чабыш сыяктуу жаш аттардын жарыштары да бар. Бул оюн кыргыз балдарын кичинесинен эле ат үстүндө тайманбай отурууга, чыдамкайлыкка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялаган.

Оюн эрежеси

1952-жылы ат чабыштын эрежелери бирдиктүү тартипке салынган:

  • Чабандес 14 жаштан жогору болушу керек.
  • Аттын жашы 3 жаштан жогору.
  • Аралык 1200 метрден 50 кмге чейин белгиленет.
  • Чабандес жарышты бир эле ат менен бүтүрүшү шарт.
  • Катышуучу каттоодон өтүп, номери жана аттын ветеринардык күбөлүгү болушу зарыл.
  • Жарышта аралыкты кыскартууга, башка атка камчы уруп тоскоолдук кылууга тыюу салынат

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Салттуу мал чарбалар жана малчылар
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча маалымат адабий булатарда, илимий макалаларда кездешет.
  • Маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү иретинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.