Алты бакан селкинчек – жаштар арасында эң кеңири жайылган салттуу оюн-зооктун түрү. «Алты бакан» деген аталыш үчтөн эки жуп жыгач (бакан) тикесинен коюлуп, баштары бири-бирине таңылып, алардын ортосуна аркан керилип жасалган селкинчектен чыккан. Бул оюнда жаштар жуп-жуп болуп селкинчек тебишет, күү чертип, ырдап, тамаша айтып, бирге көңүл ачышат.
Учурунда алты бакан селкинчекти кыз оюнунда жана уруу аралык аш-той-мааракелерде жаштардын көңүл ачуучу жана баарлашуу аянтчасы болгон.
Бүгүнкү күндө салттуу таризи өзгөрүүгө учурураган, учурда жөн гана селкинчек тебүүгө айланган
Алты баканды орнотуу үчүн эки жуп үчтөн жыгачты тикесинен коюп, баштарын бекем таңышат. Алардын ортосуна аркан керип, ортосуна тактай отургуч байлашат. Оюнга адатта жигит менен кыз жуп болуп түшүшөт. Селкинчекти оюнчулар өздөрү тебишет, кезек менен айланып түшүшөт. Ким селкинчекти эң бийикке тебсе, ошол жеңүүчү деп эсептелет. Оюн маалында жаштар ыр ырдап, комуз чертип, күлкү-шаңга бөлөнүшөт.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Унутта калган (салттуу таризи)