Ак чөлмөк – байыртан бери ойнолуп келе жаткан кыргыздын кыймылдуу оюнунун бири. Оюнга 8-12 оюнчу катышат, ага кыздар да, балдар да катыша алат. Негизинен жаштардын сүйүктүү оюну.
Ал эми «ак чөлмөктүн» өзү – ири малдын кургаган сөөгү (шыйбылчак) же жыгачтан жасалып акка боёлгон буюм. Бул оюн негизинен жайлоодо, кечинде күн батканда же ай толгондо ойнолот. Оюн шаймандыкты, караңгыда жол издөөнү, тапкычтыкты, сезимталдкты өнүктүрөт.
Оюнду баштоо үчүн калыс шайланат. Ал оюнчуларга ак чөлмөктү көрсөтүп, эрежелерди түшүндүрөт. Калыс оюнчуларды артка каратып коюп, бир жакка ташты, экинчи жакка ак чөлмөктү ыргытып жиберет. Ак чөлмөк жерге тийгенде үн чыккан замат оюнчулар ошол тарапка чуркап барып, издеп табышат.
Ким биринчи таап алса, өз тобунун атын кыйкырып, марага (калыстын жанына) чейин чуркайт. Каршы топ аны кууп жетип, ак чөлмөктү тартып алууга аракет кылат. Өз командасы аны тосуп алып, бири-бирине берип марага жеткирүүгө аракет кылышат.
Марага жеткен тарапка калыс бир упай берет. Упай алгандан кийин ошол топ ак чөлмөктү кайра ыргытып, оюн уланат. Эреже бузган оюнчуга калыс упай бербей коёт же оюндан чыгарат.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Сейрек кездешет