/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Айран

«Айран» – уюлтулган сүттүн негизинде даярдалуучу салттуу кычкыл сүт ичимдиги. Сүткө ачыткы кошулгандан кийин аны жылуу жерге коюп, коюуланып уюганча күтүлөт.

Айран уйгур ашканасында кеңири колдонулат. Аны өз алдынча ичкенге жана жайдын ысык күндөрдундө муздак сууга аралаштырып, өтө жагымдуу, суусун кандыра турган муздак ичимдик катары да колдонулат.

Пайдасы көп жана даярдоосу оңой болгондуктан, айран бүгүнкү күнгө чейин күнүмдүк тамак-аштын маанилүү бөлүгү болуп келет.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке ашпозчулар жана салтуу уйгур ашкана сүйүүчүлөрү
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

Абдуллаева, Н. Уйгурлардын маданияты тамак-аш сөздүгү, ысымдар жана байыркы хореографиянын күзгүсүндө. – Саарбрюккен, 2023.