/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу билимдер жана тажрыйбалар
Ави җён / Ферула тамырынын чайыры

«Ави җён» – ферула тамырынын чайыры, дунгандардын салттуу дарысы. Ал өт айдаган каражат катары, ашказан жана тамак сиңирүү көйгөйлөрүндө, ошондой эле дем алуу жолдорунун (дыхательные пути) ылаңдарына каршы колдонулат. Феруланын тамырын жакшылап жууп тазалап, туурасынан тиле бөлүп, жипке тизилип, көлөкөгө кургатылат. Кургатуу маалында тамырдын ширеси коюуланып отуруп, чайырга айланат. Ал эми кургаган тамырды кайнак сууга демдеп, тундурма катары ичүүгө болот.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Салттуу дарыгерлер
  • Улуу муундун өкүлдөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралары аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Талаа изилдөө материалдары